Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Казакстанстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Президент Садыр Жапаров арезидент Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми, боордош казак элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады