Баткенде милиция кызматкерлери ардагерлерден кабар алышты
Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Бороновдун демилгеси менен Баткен облусунун аймагындагы ИИОнун ардагерлерине камкордуктар көрүлүүдө. Баткен ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов, медицина кызматынын дарыгерлери жана кадр кызматкерлери биргеликте облус аймагындагы ардагерлердин ар биринин жашаган үйлөрүнө барып, ал-абалын сурап, медициналык кароо жүргүзүп, керектүү дары-дармектерди берип келишти.
Мындай демилге эки жылдан бери уланып, жылына эки жолу ардагерлерге камкордуктар көрүлүп жатат. 2022-жылдын сентябрь айындагы куралдуу кагылышууда Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагынын Интернационал айылынын тургуну, ИИОнун ардагери 58 жаштагы Кошалиев Жаныбектин үй-жайы талкалангандыктан, калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндө Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Боронов 100 шыйпыр алып берип, жерине барып кабар алып келген. Ошондой эле үй-шарты начар, жашы улгайып калган ардагерлерге жетекчилик тарабынан үй-шартына керектелүүчү азык-түлүктөр менен камсыз болду. Жакынкы аралыктарда дагы аларга социалдык жактан кам көрүлөрү белгилүү болду.
Баткен облус аймагында милицияда иштеп, пенсияга чыккан 370 ардагер бар. Алардын кээ бирлери азыркы учурда да жаш кызматкерлерге насаатчы катары кеп-кеңештерди берип, иштеген иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, жардам берип келет. Кээ бир ардагерлерибиз азыркы учурда коомдук тартип сактоодо коомдук алдын алуу борборлорунда ардагерлер кеңешинин төрагалык милдетин аткарып, милиция кызматкерлери менен тыгыз иш алып барат.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы