2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин өлкөдө эс алуу күндөрү деп жарыяланды. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, төмөнкүдөй чечим кабыл алынган:
Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:
9-январдагы дем алыш күнү 3-январга жылдырылат;

25-февралдагы дем алыш күнү 4-январдагы иш күнгө жылат;

11-марттагы дем алыш күндүн ордуна 5-январь дем алыш болот;

25-марттагы дем алыш күндүн ордуна кыргызстандыктар 6-январда эс алышат.