Бүгүн, 17-декабрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата тегерек стол уюштурулду.
 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, Кыргыз Республикасынын эл акыны Меңди Мамазаирова, Композиторлор союзунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Турдубек Чокиев, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Жалил Садыковдун уулу филология илимдеринин кандидаты Канат Садыков, Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуевдин кызы, журналист Элнура Кулуева, Мамлекеттик гимндин музыкасын жаскан, Кыргыз Республикасынын эл артисти Насыр Давлесовдун уулу Батырбек Давлесов ж.б.бир катар коомдук жана маданият ишмерлери катышты.

Иш-чарада куттуктоо сөздөр айтылып, Мамлекеттик гимн тууралуу кызыктуу ой пикирлер ортого салынды.

Эске салып айтсак, 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни кабыл алынганына 30 жыл толот. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни 1992-жылы 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мамлекеттик гимндин сөзүн Кыргыз Республикасынын эл акыны Жалил Садыков менен Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуев жазса, гимндин мызкасын Кыргыз эл артистери, атактуу композиторлор Калый Молдобасанов жана Насыр Давлесов жазган.