Жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экинчи окуусунан өттү. Аталган мыйзам долбоору колдоо тапса, анда бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аларга төмөнкүлөр кирет:

— Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин атайын жаап алуу жана анын бирөөсү жок башкаруу;

— Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбоосу;

— Транспорт каражатынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу (1. 40 чакырым/сааттан көп, 60 чакырым/сааттан көп эмес. 2. 60 чакырым/сааттан ашуусу).

— Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унаалардын кыймылына артыкчылык бербөө;

— Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу;

— Эгерде айдоочунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузуусу;

— (193-3б.) Мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүүсү.