Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын алкагында ишкананын ишмердүүлүгү жана айнек идиштерин чыгаруу, ошондой эле айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлору боюнча бет ачар сунушталды.

Белгилей кетсек, заводго 1 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берилип, 400 млн сом өлчөмүндөгү биринчи транш бөлүнгөн.

“Завод керек болсо күнү-түнү, бир нече нөөмөт менен иштеши керек. Министрлер кабинети ишканага бюджеттик кредит берди жана биз насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйбүз. Шаардагы маанилүү ишкананын өндүргөн продукциясы бардык талап кылынган стандарттарга жана жогорку сапатка дал келиши керек. Завод бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле атамекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштер менен камсыз кылышы зарыл”, – деди Жапаров.

Мындай чечим «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКтын жумуш орундарын кыскартууга жол бербөө жана анын каржылык абалын жакшыртуу, шаар түзүүчү ишканага колдоо көрсөтүү жана жарыктандыруу тармагын мындан ары өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

 

Эске сала кетсек, буга чейин Economist.kg маалымдагандай, 2021-жылдын декабрында компаниянын 100% акциясын Финминдин Финансы-кредиттик фонду дээрлик 180 млн сомго сатып алган. Быйыл жайында завод акционердик коом болуп кайра түзүлгөн. «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКга 400 млн сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берилген.