Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругуна ылайык, Мурат Раматов жана Самат Насирдинов айыл чарба министринин орун басарлары болуп дайындалышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев министрликтин жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды.
Буга катар Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору болуп Тариэл Жоробеков дайындалды.
Төрөбаев жазгы талаа иштерине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү менен дыйкандардын алдыдагы айдап-себүү иштериндеги кыйынчылыктарын жеңүүгө болорун белгилеген.
«Биздин алдыбызда жазгы-талаа иштерине даярдыкты бүгүндөн баштоо милдети турат. Биз айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү сапаттуу сертификацияланган жер семирткичтер, үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылышыбыз керек. Тракторлордун жана башка атайын техникалардын даярдыгы текшерилип, кандайдыр бир маселе жаралса дароо чечилиши керек», — деди Төрөбаев.
Ал мамлекеттик сугат фондунун алдыдагы сугат мезгилине даярдыгы боюнча да токтолду.
«Гидротехникалык курулуштарды, насостук станцияларды, ирригациялык скважиналарды куруу жана оңдоо укугуна тендерлерди өткөрүү боюнча иш-чаралар белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталышы керек. Дыйкандарды Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына жооп бере турган ветеринардык дары-дармек менен камсыздообуз зарыл», — деди Төрөбаев.