Бүгүндөн тартып Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер жаңы жылга карата өтө турган майрамдык иш-чараларга байланыштуу күчөтүлгөн режимге өттү.

“Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкаргандарга өзгөчө көңүл бурулуп, авто ээнбаштык жасап, коомго коркунуч алып келген жана жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата рейддик иш-чаралар күчөтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жетекчиликтин тапшырмасы менен кечкисин жол тыгындарын жөнгө салуу жана жол кырсыктары көп катталган жерлерге көзөмөл жүргүзүү үчүн көчөлөрдүн кесилиштеринде кызматкерлер иш алып барышат.