Stitched Panorama

2022-жылдын 24-декабрында Казань шаарында мекендештерге консулдук кызмат көрсөтүүлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, консулдук сапардын алкагында паспортторду алуу/алмаштыруу, консулдук каттоого туруу боюнча арыздар кабыл алынат, ошондой эле Татарстандын пенитенциардык тутумунун мекемелериндеги КР жарандарына баруу ишке ашырылат.

«Жарандарды кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Казань ш., Чехов көч., № 8/2 үй. Кабыл алуу боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү номерге кайрылууну сунуштайбыз: +7 903 3052956 (Сариев Закир)», — деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик мекендештерден Россиянын Приволжск федералдык округунда жашаган туугандарына жана досторуна пландалган консулдук чыгуу тууралуу билдирүүнү өтүнөт.