Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Шакиев Кыргызстан Россия менен калыптанган стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

“Мамлекеттер аралык байланышыбыз өз ара ишенимге жана тарыхый алакага негизделгени менен өзгөчөлөнүп келет. Андыктан бардык багыттагы кызматташтыкты арттырып, ЕАЭБ, ШКУ, КМШ өңдүү эл аралык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүктү да жигердүү өнүктүрүүбүз кажет. Быйылкы жылдын тогуз айында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд 226 млн АКШ долларына жетип, былтыркы жылдын белгиленген мезгилине салыштырмалуу 36,8%га жогору болду. Бул албетте чек эмес. Биз негизги соода өнөктөшүбүз катары Россия менен экономикалык байланышты мындан ары да чыңдоону көздөйбүз”, — деди ал.

Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтык тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев бул жааттагы алакалар да жигердүү уланып жатканын белгилеп, кийинки жылы Россия расмий иш сапары менен баруу планы бар экенин маалымдады.

Өз кезегинде элчи Николай Удовиченко жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, эки тараптуу жана эл аралык аянтчалардагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди. Айрыкча, экономика, медицина, маданият, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана коопсуздук жаатында кызматташтыкка өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи.

Андан тышкары, билим берүү тармагы боюнча ири долбоорлор иштелип чыгып, Кыргызстанда мектептерди куруу пландалып жатканын сөз кылды. Ошондой эле быйыл туризм чөйрөсүндө да жыйынтыктар жакшы экенин айткан элчи мында түз аба каттамдарынын көптүгү жакшы таасир бергенин кошумчалады.