Жарманкени КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргызстандын Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке агенттиктер ассоциациясы менен биргеликте USAIDдин “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун колдоосунда уюштурууда.

Катышуучулар Түштүк Корея, Япония, Улуу Британия, Германия аймактарындагы мамлекеттик программалардын алкагында ишке орноштуруу кызматтары тууралуу маалымат менен тааныша алышат.

Жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин өкүлдөрү Перс булуңу өлкөлөрүндө, Түркияда жана Чыгыш Европада вакансиялар жана мыйзамдуу жумушка орношуу үчүн талаптар жөнүндө айтып, ишке орношуу боюнча суроолорго жооп беришет.

  • Качан: 20-декабрь, 2022-жыл. Башталышы саат 9.00
  • Кайда: Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу, көч. Фрунзе 547, Бишкек шаары.