ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жаңы жылдык майрамдар учурунда жарандар турак жайларын коопсуздандыруусу керектигин эскертет. Жаңы жылдык майрамдарда баары эле үйдө отура бербейт, кимдир-бирөө эс алууга же конокко кетип, үйүн кароосуз калтырат. Акыркы убакта уурулар профессионалдуу болуп, топ-топко бөлүнүп, атайын каражаттарды колдонуу менен кылмышка барышат. Ошондуктан, турак-жайды кол салуулардан коргоо үчүн, олуттуу алдын алуу чараларды көрүү зарыл. Мындан тышкары, эл көп чогулган жерлерде чөнтөкчүлөр капчыктарды, телефондорду жана башка ар кандай баалуу буюмдарды уурдашат. Чөнтөк уурулуктун мезгилдүүлүгү жок, алар эл көп болгон жерде: базарларда жана соода борборлорунда, автобустарда жана маршруткаларда жасалат.
Батир ууруларынан кантип сактануу керек?
— эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу түтүктөрүнүн жанында болсо, терезе торлорду орнотуңуз;
— эки кулпусу бар темир эшикти орнотууга кам көрүңүз;
-эгерде коммуналдык эсептер, дүмүрчөктөр эшикте көптөн бери илинип тураса, анда бул дагы уурулар үчүн белги болот;
-кожоюндар жок учурда үйгө көз салып туруу үчүн кошуналардан сураныңыз;
-айрыкча кечинде терезелерди пардалар менен жапканга аракет кылыңыз. Кылмыш жасаардан мурда, уурулар көбүнчө көз салган батирди терезелерден карап турушат;
— ири суммадагы акчаны, ошондой эле баалуу буюмдарды банкта же сейфте сактаңыз. Эсиңизде болсун, сизге ишенимдүү көрүнгөн жерлер профессионал уурулар үчүн жөнөкөй жер болушу мүмкүн;
-эгер үйдөгү телефонуңузга дайыма бейтааныш адамдардан чалуулар келип, телефон алган соң сүйлөшүүдө унчукпай же номерин туура эмес чалып алгандыгын кабарласа сак болуңуздар. Анткени көп учурда сиз батирде кайсы убакта жок болгонуңузду аныктоо үчүн бул ыкманы колдонушат;
-турак жайды коргоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири борбордоштурулган пульттук көзөмөлдү орнотуу, анын алкагында бөлмөнү күзөт техникалары менен менен жабдуулап, жардамга тез чакыруучу радио жабдыгын колдонуу болуп саналат.
Андан сырткары, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы чөнтөкчүлөрдөн коргоо үчүн бир нече кеңештерди сунуштайт:
— жол кире акчаңызды алдын ала даярдаңыз. Капчыгыңызга чөнтөкчүнүн көңүлүн бурбоо максатында жол кире үчүн акчаны алдын ала даярдаганыңыз оң. Мындай аракетти унаа ичинде же аялдамада туруп жасабаңыз;
— капчыгыңыз кийимиңизден көрүнбөй турганын алдын ала текшериңиз:
Үйдөн чыгаардан мурда капчыгыңызды өтө тар же ачык кийимдердин астында көрүнүп турганын текшериңиз. Эгерде андай болсо, аны сыдырма менен жабылган баштыктын түбүнө коопсуз жерге жылдырыңыз;
— транспортко кирүү алдында сумкаңыз жакшы жабылганын текшериңиз:
Транспортто сумканы алдыңызда кармап жүргөнүңүз туура, аны ийиндериңизде же артыңызда эркин илип койбоңуз;
— капчыгыңызды же телефонуңузду арткы чөнтөгүңүзгө салбаңыз. Шымдын арткы чөнтөгүнө жайгашкан капчык же телефон чөнтөкчүнүн оңой эле олжосуна айланат, анткени жол кыймылында же транспортто кыйналганда сиз эч нерсени сезбей байкабай калышыңыз мүмкүн;
— капчыгыңызды же телефонуңузду кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салыңыз. Бул чөнтөк сыдырма же башка бекиткич менен бекитилсе, бул абдан жакшы.
— дароо милицияга кайрылыңыз. Уурулукту ачуунун ийгилиги Сиздин, ички иштер органдарына канчалык тез кайрылууңуздан көз каранды. Арыз кылмыш жасалган жерде аймактуулугу боюнча жазылып берилүүгө тийиш.

ИИМдин Басма сөз кызматы