ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жаңы жылдык майрамдар учурунда жарандар турак жайларын коопсуздандыруусу керектигин эскертет.

Милиция батир ууруларынан кантип сактануу керектиги боюнча кеңеш берди:

— эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу түтүктөрүнүн жанында болсо, терезе торлорду орнотуңуз;
— эки кулпусу бар темир эшикти орнотууга кам көрүңүз;
— эгерде коммуналдык эсептер, дүмүрчөктөр эшикте көптөн бери илинип турса, анда бул дагы уурулар үчүн белги болот;
— кожоюндар жок учурда үйгө көз салып туруу үчүн кошуналардан сураныңыз;
— айрыкча кечинде терезелерди пардалар менен жапканга аракет кылыңыз. Кылмыш кылардан мурда, уурулар көбүнчө көз салган батирди терезелерден карап турушат;
— ири суммадагы акчаны, ошондой эле баалуу буюмдарды банкта же сейфте сактаңыз. Эсиңизде болсун, сизге ишенимдүү көрүнгөн жерлер уурулар үчүн жөнөкөй жер болушу мүмкүн;
— эгер үйдөгү телефонуңузга дайыма бейтааныш адамдардан чалуулар келип, телефон алган соң сүйлөшүүдө унчукпай же номерин туура эмес чалып алгандыгын кабарласа сак болуңуздар. Анткени көп учурда сиз батирде кайсы убакта жок болгонуңузду аныктоо үчүн бул ыкманы колдонушат;
— турак жайды коргоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири борборлоштурулган пульттук көзөмөлдү орнотуу. Анын алкагында бөлмөнү күзөт техникалары менен менен жабдуулап, жардамга тез чакыруучу радио жабдыгын колдонуу болуп саналат.
Мындан сырткары, чөнтөкчүлөрдөн коргонуу үчүн төмөнкү сунуштар берилет:
— жол кире акчаңызды алдын ала даярдаңыз. Капчыгыңызга чөнтөкчүнүн көңүлүн бурбоо максатында жол кире үчүн акчаны алдын ала даярдаганыңыз оң. Мындай аракетти унаа ичинде же аялдамада туруп жасабаңыз;
— капчыгыңыз кийимиңизден көрүнбөй турганын алдын ала текшериңиз: Үйдөн чыгардан мурда капчыгыңызды өтө тар же ачык кийимдердин астында көрүнүп турганын текшериңиз. Эгерде андай болсо, жабылган баштыктын түбүнө коопсуз жерге жылдырыңыз;
— транспортко кирүү алдында сумкаңыз жакшы жабылганын текшериңиз: транспортто сумканы алдыңызда кармап жүргөнүңүз туура, аны ийиндериңизде же артыңызда эркин илип койбоңуз;
— капчыгыңызды же телефонуңузду арткы чөнтөгүңүзгө салбаңыз. Шымдын арткы чөнтөгүнө жайгашкан капчык же телефон чөнтөкчүнүн оңой эле олжосуна айланат, анткени жол кыймылында же транспортто кыйналганда сиз эч нерсени сезбей, байкабай калышыңыз мүмкүн;
— капчыгыңызды же телефонуңузду кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салыңыз.
— дароо милицияга кайрылыңыз.

Уурулукту ачуунун ийгилиги – сиздин ички иштер органдарына канчалык тез кайрылууңуздан көз каранды. Арыз кылмыш жасалган жерде аймактуулугу боюнча жазылып берилүүгө тийиш.