Баткен облусунун аймагында массалык тазалык акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаковдун катышуусунда тазалык акциясын уюшкандыкта өткөрүү боюнча жыйын өткөрүлдү. Ага район, шаарлардын социалдык тармак боюнча орун басарлары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков жыйындын жүрүшүндө тиешелүү бардык жетекчилерге аталган маасалык ишембиликти уюшкандыкта өткөрүү менен активдүү катышууну тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө облуста массалык ишембилик өткөрүү 24-декабрга белгиленди. Ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, облус тургундары катышат.

Белгилей кетсек, экологиялык акциясы «Эко Деми» жана “ Word Cleanup Day” коомдук фонддору менен биргеликте өткөрүлүүдө.