Бүгүн, 21-декабрда президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов «Бирге көтөргөн жүк жеңил болот” фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган фестиваль 3-декабрь – Майыптыгы бар жарандарды коргоо жана колдоо күнүнө карата “Бирге көтөргөн жүк жеңил болот” аттуу республикалык өтүп, Ош облусунун командласы 1-орунду ээлеген. Бүгүн өкүл Жамалдинов жеңүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, фестивалга Ош облусунун командасы активдүү катышып, маданий спорттук иш-чарада мыктылыгын көргөзүшүп, жыйынтыгында республикалык иш-чаранын бардык көрсөткүчтөрүн ийгиликтүү аткарышып, 1-орунду багындырышкан.