Ысык-Көлдө балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында “Мен чемпионмун” аталышындагы республикалык кышкы оюндар өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чара 26-28-декабрь күндөрү Каракол шаарында болуп, лыжа спорту (слалом түрү), лыжа жарышы жана хоккей боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Жарыштын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери тиешелүү даражадагы медалдар, дипломдор менен сыйланып, акчалай сыйлыктар берилет.

Байге фонду 1 млн 50 миң сомду түзөт:
1-орун – 200 000 сом;
2-орун – 100 000 сом;
3-орун – 50 000 сом.