Чет өлкөгө чыгууга ниеттенген мигранттар бир нече ай окуудан өтүшү керек. Бул тууралуу Economist.kg финансылык басылмасынын редакциясы «Миграция. Кыргызстандыктар үчүн ачылган жаңы багыттар» деп аталган темада уюштурган тегерек столунда Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, мигранттарга алар бара турган өлкөнүн тилин, каада-салтын, маданиятын үйрөтүү керек. Муну кыргызстандыктарды чет өлкөгө жөнөткөн ишке орноштуруу боюнча агенттиктер жасашы керек.

«Кыргызстандыктар кетээрдин алдында алдын ала даярдыктан өтүшү керек. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат, мигранттарды окутуу үчүн атайын топ даярдалат», – деди Алыбаев.

Алыбаев белгилегендей, мигранттар кетээр алдында бир нече саат бою суракка алынат. Бирок бул абдан аз, ошондуктан келечекте бардык мигранттар атайын окуудан өтүшөт.