Мигранттардын балдары мигрант болуп калышат. Кыргызстандагы мындай жаман тенденция тууралуу Economist.kg уюштурган «Мигранттар. Кыргызстандыктар үчүн жаңы багыттар» деп аталган тегерек столунда «Инсан Лейлек» коомдук фондунун жетекчиси Гүлнара Дербишева билдирди.

Эксперт мигранттардын балдары ата-энесинин жолун жолдойт деп ишенет. Андыктан өлкөдө 9-класстан баштап балдар билим ала турган кесиптик лицейлерди өнүктүрүү маанилүү.

«Балдардын техникалык билим алуусу маанилүү. Башка мамлекеттерде мындай тажрыйба бар. Ушундай жол менен ички эмгек рыногу толукталып, андан кийин гана алар өз жарандарын чет өлкөгө жумушка жөнөтүшөт», – дейт Дербишева.

Мындан тышкары, ал көптөгөн кыргызстандыктар башка өлкөлөрдөн жумуш таба албагандыктан же чет тилдерди билбегендиктен Орусияда калууга аргасыз болуп жатканын белгиледи. Ошондуктан чет тилдерин окутууга басым жасоо зарыл.