Бүгүн, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2023-жылга карата республикалык бюджети үчүнчү окууда жактырылды. Эми ага президент кол койгондон кийин негизги финансылык документ катары расмий түрдө бекитилет.

Аталган маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Адылбек Касымалиев жана Бакыт Төрөбаев баштаган жетекчилер маалымат беришти.
Финансы министри Алмаз Бакетаев 2023-жылы республикалык бюджеттин кирешеси
мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 322 миллиард 766 миллион сом же ички дүң продукциянын 34,8 пайызын түзөрүн айтты. Ал эми чыгаша 344 миллиард 29 миллион сомго жетет.
Бюджеттин дефицити 21 миллиард 263 миллион сомду түзөт.