Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 94-орунду ээледи. Мындай маалымат ФИФАнын расмий сайтына жарыяланды.
Жаңыланган рейтинг бүгүн, 22-декабрда жарыяланды. Анда кыргыз курамасы 1233 упай менен 210 мамлекеттин ичинен 94-орунду ээледи.
ФИФАнын жаңыланган рейтингинин сап башын Бразилия ээледи (1840 упай.) Экинчи орунга Аргентина (1838), үчүнчүгө Франция (1823) жайгашты. Орто Азиядагы башка өлкөлөрдөн Өзбекстан 77, Тажикстан 108, Казакстан 115 жана Түркмөнстан 135-орунга жайгашты.