Young couple lying in bed under blanket at home. Boyfriend sleeping, pensive and frustrated girlfriend thinking about relationships break up or treason. Problem in sexual life or childlessness concept
Уролог Марк Гадзиян «Доктор Питер» басылмасына берген маегинде эркектин потенциясы тууралуу эл арасында айтылган айрым маалыматтарды төгүндөдү.
Алар:

Простатит потенцияны талкалайт. Простатит простата безинин сезгенүү оорусу. Ал эми эрекция кандын тамырларда канчалык жакшы жүгүрөрүнөн көз каранды. Экөөнүн бири-бирине тиешеси жок.

Алкоголь эрекцияны басаңдатат. Ичкилик потенцияга таасир этиши үчүн адам аракеч болуп кетиши керек.

Афродизиактар. Айрымдар сельдерей, ашкабак данеги, каймак, сабиз сыяктуу азыктар эркектин бел кубатын болуп көрбөгөндөй бекемдейт деп ойлойт. Бул чоң жаңылыштык.

Кумарга көп баткан эркек күүлүү-күчтүү болот. Төшөк кумарынын көбүрөөк болгону жакшы, бирок оголе көп болуп кетсе, организм зыян тартып калышы мүмкүн. Анткени кишиге жакшылап эс алууга убакыт керек.

Эркектин «төшөктөгү» жашын чектөө же 50дөн кийин эркек «соолуй» баштайт деген ой туура эмес. Ден соолугуна кам көрүп, сергек жашаган адам андан ары дагы ойдогудай жашай алат.

Майлуу тамак эркекти алсыратат. Майлуу тамак потенцияга гана эмес, жалпы организмге терс таасир этет. Бирок ал өтө көп болуп кеткен учурда гана. Андан качып жеңил-желпи гана тамактанып жүрө берүү дагы эркектин организмине пайдасыз болуп калышы мүмкүн.