Буга чейин Шалта айылынын тургундары социалдык түйүндөр аркылуу жергиликтүү тургундар башка жактан көчүп келгендерден мыйзамсыз акча чогултуп жатышканын айтып Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигине кайрылышкан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында чынында эле аталган айылдын айрым активисттери трансформаторду оңдоо шылтоосу менен башка аймактардан көчүп келген тургундардан акча чогултууга аракет кылгандыгы аныкталган.

«Буга байланыштуу Шалта айылынын айрым тургундары менен тиешелүү түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында алар мыйзамсыз аракеттерин мындан ары токтотууга милдеттендирилип, мыйзамсыз аракеттерин мойнуна алуу боюнча жазуу жүзүндөгү видео кайрылуу менен кошо алынды», — деп айтылат маалыматта.

УКМК КР Конституциясына ылайык, ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу экенин жана ушул сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу маалымат түшкөн учурда УКМКнын 0312 660475 телефон номерине кайрылууну эскертет.