Улуттук статистика комитети Кыргызстанда кайсы тармактын кызматкерлери эң жогорку жана кайсы тармактыкы эң аз айлык алып келгени тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу жаатында иштеген 24,8 миң адам орто эсеп менен 36 245 сомдон айлык алганы белгилүү болду. Экинчи орунда иштетүү өндүрүшү турат. 44,3 миң киши 35 миң сомдон бир аз жогору айлык алган. Алардан кийин маалымат жана байланыш жааты. Мында эмгектенген 13,8 миң киши 35 237 сом акча иштеп тапкан.
Ал эми арзыбаган айлыкка иштегендердин сап башында искусство жана көңүл ачуу тармагынын өкүлдөрү турчу. Алар айына орто эсеп менен 9 миң сомдон бир аз көп акча алышкан. Мындай айлык 13,8 миң кишиге тийип келген. Саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү тармагындагы 74,2 миң киши ай сайын болгону 10 966 сомдон акча алып келген. Өлкөдөгү 195 миң мугалим 14-15 миңден гана маяна тапчу.
Бул маалымат 2021-жылга тиешелүү. Былтыр өлкөдө орточо айлык 19 330 сом деп белгиленген.