КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Президент Садыр Жапаров президент Ильхам Алиевди туулган күнү менен кызуу куттуктап, ага чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы зор ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров биргелешкен күч-аракеттин натыйжасында эки элдин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер мындан ары да өнүгүп, чыңдаларына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Азербайжан президенти Садыр Жапаровго жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.