2022-жылдын 26-декабрында ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо жана элге сервистик тейлөө көрсөтүү чаралары жөнүндө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде жол-унаа кырсыктарын алдын алуу туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.
Онлайн кеңешменин биринчи бөлүгүндө ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо маселесине өзгөчө көңүл буруп, ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарыбыз жаңы жылды тосуу жана майрамдоо күндөрү “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды алдын алуу боюнча “Комплекстүү” иш-чаралар мерчеми бекитилип, ар бир жетекчи тартипти камсыздоону натыйжалуу ишке ашыруунун үстүндө иш алып баруу керектигин белгиледи.
Министр ИИОнун жетекчилерине жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу, Бишкек шаарында жана облустук, райондук бөлүктөрдө саптык кароо иш-чарасын өткөрүп, тиешелүү нускамаларды берүүнү тапшырды. “2022-жыл “Кыргыз милициясы” үчүн жеңил жылдардан болгон жок. Бир катар оор сыноолорго туш болуп, кыраакылыкты талап кылган курч жагдайларды башыбыздан өткөрдүк. Сентябрь айында болуп өткөн Баткен окуясында өлкөбүздүн күч түзүмдөрү менен биргеликте элди-жерди коргоо үчүн катуу айкалышта күжүрмөн иш алып бардык. Ал окуялар баарыңыздарга белгилүү. Тилекке каршы, биздин беш кызматкерибиз курман болуп, ондон ашык кесиптештерибиз жаракаттарды алышты. Баатыр кызматкерлердин элестерин эч качан эстен чыгарбайбыз. Курман болгон кесиптештерибиз — мекенди сүйүп, элди коргоп, берген антына бекем тургандыгын көзүбүзгө көрсөтүп, жүрөгүбүзгө орнотуп кетишти. Милициянын жашоосунда, өмүргө тете коркунучтуу жагдайларга, чыңалган оор абалга туш болуу учурлары дайыма болуп келген.
Бирок, эрки күчтүү, алдыга койгон максаттарына ишенген кызматкерлерибиз жана эч нерседен тайманбаган жоокерлерибиз, алсыздыкка багынбай, тескерисинче кайыштай чыйралып, кандай гана кырдаал жаралбасын намысты туу тутуп, биримдик менен жеңип келишкен.
Бүгүнкү милиция эл үчүн, мамлекеттин ички коопсуздугу жана бүтүндүгү үчүн коомго кызмат кылууга арналгандыгын көрсөтө алды. Жарандарыбызга тынч жана туруктуу жашоо шартын түзүүгө күнү-түнү талыкпаган аракеттер менен коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жетиштик. Бир кылымга жакын тарыхы бар милициянын жалпы ишмердигин, аз убакыттын ичинде башка нукка буруп, заманбап чакырыктарга, санарип технологияга, бейпилдик тартуулаган жаңы стандарттарга буруп кетүү оңой болгон жок. Бирок, экономикалык шартка, коомдук турмуштагы ар түрдүү жагдайларга карабастан, жөнөкөй жарандардан баштап, жалпы элдин коопсуздугун жакшыртуу боюнча бир катар маанилүү кадамдарды жасай алдык”, — деп билдирди өз сөзүндө ИИМдин башчысы. Ошону менен бирге Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигинин бир жыл ичинде аткарган жетишкендиктерине дагы токтолду. Атап айтканда:
— Жаңы үлгүдөгү сервистик тейлөөгө өтүп, коопсуздук чараларын бир тартипке келтирди;
— Катталган кылмыштардын бетин ыкчам ачып, коомго жат көрүнгөн окуяларга бөгөт коюу боюнча санарип тармагын калыптандырууга жетишти;
— Жарандардын арыз-билдирүүлөрүн акыйкат тергеп, калыс чечим кабыл алууга, жол кыймылынын коопсуздук чараларын жакшыртууга, зомбулуктардын бардык түрүнө, элдин турмуш-тиричилигине терс кесепетин тийгизген кылмыштарга бөгөт коюу үчүн бир катар программаларды ишке ашырды;
— Айыл-шаар аймактарында туруктуу негизде элге жолугушуу, жеринде юридикалык кеңештерди берүү, арыз-даттанууларды ыкчам кабыл алуу, элге ачык-айкын болуу тутумун түздү;
— Ичибизден тазалануу, милициянын баркын кетирип, ишмердикке доо жараткан кызматкерлерден арылуу процедурасын туруктуу негизде улантып жатат;
— Элди тейлөө, суроо-талаптарды мыйзам чегинде ишке ашыруу үчүн, жардам сурап кайрылган жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө карата иш алып барды;
-Ыкчам-кызматтык ишмердикти жогорулатуу боюнча эл аралык өнөктөштөр жана кесиптештер менен жигердүү макулдашууларга жетип, заманбап үлгүдөгү материалдык-техникалык жабдыктарды, каражаттарды алып, ишке киргизди.
“Эң башкысы–милициянын ар бир жасаган жакшы иши элдин коопсуздугун чыңдоого, коркунучу жок жашоо-турмуштук абалды түзүүгө арналгандыгын белгилеп кетким келет. Быйылкы жылы жетише албаган иштерибизге, келээрки жылы жетип, “Коопсуз мамлекет” баскычына өтүүгө багыт алабыз демекчимин.
Накта эл үчүн кызмат кылган, жогорку сапаттагы маданиятты алып жүргөн, ишине так, жарандарга сылык мамиле жасаган кадрларды калыптандыруунун үстүндө бир катар иштерди жүргүзөбүз. Жарандардын кайрылууларын дыкаттык менен карап, туура чечүү тартибин бекемдеген, ар бир ички иштер органдары тейлеген аймактарда мыйзамдын үстөмдүгү өкүм сүргөн, адам укугу баарынан жогору болгон, коомдук жайларда жана көчөлөрдө жарандар өздөрүн коркунучсуз ээн-эркин сезген абалды түзүүгө жетишебиз деген ниетим бар.
2023-жылы дагы бир катар мерчемдүү участокторго, район-шаарларды бириктирген аймактарга, эл көп чогулган жерлерге видео-камераларды орнотуп, күнү-түнү мониторинг иштерин күчөтүп, айыл жеринен баштап, борбор калаабызга чейин “Санарип жибек жолун” ишке ашырууга бел байлап турабыз. 2022-жылы Ички иштер министрлиги “Мыйзам болобу же коопсуздук чаралары болобу бардыгы эл үчүн, коомго ыңгайлуу шартта иштеши керек” деген ураан менен иш алып барды. Келе жаткан жылы “Адамдарга жагынууга же көрсөтмө калп ишмердикке эмес, коомдун кызыкчылыгы үчүн аракеттерди жасоо милициянын приоритети” деген ураан менен иш алып барабыз” — деди сөзүн жыйынтыктап жатып Улан Ниязбеков.
ИИМдин Басма сөз кызматы