Министрлер кабинети «Баткен облусун каржылоо» долбоорунун алкагында пайыздык чендерди субсидиялоонун көлөмүн 50 млн сомдон 66 млн сомго чейин жогорулатты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, насыялар «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «Керемет Банк» ААК тарабынан берилет. Жергиликтүү ишкерлер ала турган жеңилдетилген насыянын жалпы суммасы 470 млн сомду түзөт.

Долбоордун алкагында, биринчи 3 жылда нөл пайыздык ставка менен (0%), кийинки 2 жылда — жылдык 3% менен каражаттар бөлүнөт.

Ишкерлер жеңилдетилген насыя ала турган калктуу конуштардын тизмеси менен бул шилтемеден таанышууга болот.