Бүгүн, 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов, КР Баатырлары Медеткан Шеримкулов, Апаз Жумагулов, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, коомдук-мамлекеттик ишмерлер, маданият тармагынын өкүлдөрү жана кеңири коомчулук катышты.

Мааракелик иш-чарада Түгөлбай Сыдыкбековдун даңазалуу, жемиштүү өмүрү, мекенчил көз карашы жана чыгармачылыгы эскерилип, анын кыргыз маданиятына, адабиятына тилине кошкон салымы сыймыктануу менен эскерилди.