КР Бириккен Араб Эмираттарына жумасына 6 тоннадан эт жөнөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев билдирди.

Анын айтымында, БАЭде эттен тышкары 2021-жылдын аягынан бүгүнкү күнгө чейин кургатылган жер-жемиштер менен бал жогору бааланып, кымбат баада сатылууда.

«Биз сан жагынан эмес, сапат жагынан, органикалык жагынан алдыга чыга алабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, жыйында «Органикалык өндүрүш жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.