Спорт
Каракол КМШдагы эң популярдуу лыжа базаларынын алдыңкы үчтүгүнө кирди
ТурСтат порталы кышкы эс алуу жана 2021-жаңы жылды майрамдоо үчүн КМШдагы популярдуу болгон тоо-лыжа базаларынын рейтингин сунуштады.
Казакстан, Кыргызстан жана Армениядагы тоо-лыжа курорттору кышкы эм алуу үчүн КМШдагы алдыңкы үчтүктү түздү.
ТурСтаттын маалыматына караганда, КМШ өлкөлөрүндөгү алдыңкы үчтүккө Шымбулак, Каракол жана Цахкадзор кирди.
Каракол лыжа базасы Ысык-Көлдүн чыгышында, Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан 400 км, Каракол шаарынан 7 км алыстыкта жайгашкан. Каракол курортунда кышында деңиз деңгээлинен 2300 метрден 3040 метрге чейинки бийиктикте 20 чакырымдан ашык трассада лыжа тебүүгө болот.
Рейтинг КМШ өлкөлөрүндөгү лыжа базаларынын популярдуулугун изилдөөнүн жыйынтыгы менен чыгарылды.