Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар  Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн эле эмес, бүт Нарын милициясынын да жоопкерчилиги онлайн кеңешмеде катуу каралды. Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкандыгы ИИМдин Ички илктөө кызматы тарабынан аныкталды. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен төмөндөгү жетекчилер жана кызматкерлер тартип жазаларын алышты. Алар:

  • Нарын ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги А.Джумабеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
  • Нарын ОИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги А.Кудайбердиевге, Нарын ОИИБнын начальнигинин кызмат боюнча орун басары милициянын полковниги Р.Мурзакматовго, Нарын ОИИБнын начальнигинин кадр боюнча орун басары милициянын полковниги М.Турпанбаевге жана Нарын ОИИБнын Штабынын начальниги милициянын полковниги А.Токтосуновго “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди;
  • Нарын ОИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги А.Усеналиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
  • ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, начальниги, милициянын полковниги О.Акпаровго “сөгүш” тартиптик жазасы берилди.
  • ИИМ КИИБнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облусу боюнча начальниги милициянын майору А.Билдебаев, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Э.Токтосун уулу, ыкчам өкүл милициянын капитаны Б.Асанов, ыкчам өкүл милициянын капитаны А.Маратбек уулу ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду;
  • Нарын ОИИБнын Ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү милициянын майору У.Омоков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
  • Кочкор РИИБдин начальниги А.Абыкеевдин жоопкерчилиги ИИОнун катарында кызмат өтөшү соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат.
  • Кочкор РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Б.Эрменовго “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди;
  • Кочкор РИИБүнүн начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-кылмыш иликтөө кызматынын начальниги М.Алиевдин жоопкерчилиги ИИОнун катарында кызмат өтөшү соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат;
  • Кочкор РИИБдин начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын подполковниги К.Садыбакасов менен Кочкор РИИБүнүн начальнигинин кадрлар боюнча орун басары милициянын подполковниги Н.Садыровго  “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди;
  • 2022-жылдын 7-ноябрында Кочкор РИИБдин жетекчиликтен жоопкерчиликтүү, милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын капитаны А.Абдыкеев, Кочкор РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны А.Капаров, Кочкор РИИБдин аймактык тескөөчүсү милициянын капитаны А.Мурзабек уулу ички иштер органдарынын катарынын биротоло бошотулду;
  • Ал эми Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын ага лейтенанты З.Кожокматов, Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткөрүнүн жардамчысы милициянын ага прапорщиги Ч.Иманалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Жыйынтыктап айтканда жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылды, ээлеген кызмат ордунан 9 кызматкер бошотулду, 3 кызматкер ИИОнун катарынан бошотулду,  калгандары  жогоруда аталган тартип жазаларын алышты. Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процесстери жүрөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы