УКМК укук коргоо жана жергиликтүү көзөмөл органдарынын жетекчилерине кызматтык милдеттерине шалаакылык менен мамиле кылгандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертет.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана прокурорлор мыйзамдуулукту камсыз кылып, жарандын мыйзамдуу таламдарын коргоо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн органдар болуп саналат.

“УКМК кылмыштар тууралуу билдирген жарандардын кайрылууларына жергиликтүү бийлик органдарынын кызмат адамдарынын аракетсиздиги жана шалаакылыгы кылмышкерлер менен шериктештик катары бааланарын эскертет. Ушул сыяктуу жагдайларга кабыл болгон жарандар 0312 660475 ишеним телефону аркылуу кайрыла алат”, — деп айтылат маалыматта.