“Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрү жыл жаңырар алдында жана майрам күндөрү кандай график менен иштей турганын ИИМ түшүндүрүп берди.

Алыкулов 3/10 дарегиндеги “2 Прораба” соода борборундагы Батыш АвтоЦону — 29-30-декабрда саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт, түшкү тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин. 31-декабрь саат 08:30дан 16:30га чейин, түшкү тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин. Сурап билүү телефону: (0312) 888614.

“Риом” автобазарынын аймагында жайгашкан “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык сектору — 26-28-декабрга чейин саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт, түшкү тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин. 29-30-декабрь дем алыш. Ал эми 31-декабрда саат 08:30дан 16.00гө чейин, түшкү тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин уланат. Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 46-39-10.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин жогорудагы бөлүмдөрү 8-январдан (жекшемби) тарта кадимки режимде иштей баштайт.

Мекеменин аймактык бөлүмдөрү 2023-жылдын 9-январынан баштап штаттык режимде ишке киришет.