Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы (МКК) сасык тумоого каршы, Индия өндүрүшүнөн чыккан дарыдан каза болгон 18 баланын окуясы боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.

«Док-1 Макс» препаратын ичүүнүн кесепетинен 18 баланын өлүм фактысы боюнча Quramax Medical (дарыны импорттоочу) жана «Дарыларды стандартташтыруу илимий борбору» ЖЧКсынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду (Күчтүү таасир берүүчү заттарды камтыган рецепт боюнча жазылган дары-дармектерди чекене сатуу тартибин бузуу)», — деп айтылат Мамлекеттик коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө.

Бул берене боюнча 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Quramax Medical компаниясынын кызмат адамдары менен борбордун кызматкерлери кармалып, аталган органдын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланды.

Буга чейин Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги индиялык Marion Biotech компаниясынын сасык тумоого каршы «Док-1 Maкс» дарысын ичкен 18 бала каза болгонун тастыктаган. Медициналык экспертизанын материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп, дарынын курамында уулуу зат – этиленгликоль табылган.

Этиленгликоль жана ди-этиленгликоль фармацевтикада микроскопиялык дозада колдонулат. Бул заттар негизинен жардыргыч заттарды, автомобиль кыймылдаткычтары үчүн антифризди, айнек тазалоочу каражаттарды жана желимдин кээ бир түрлөрүн өндүрүүдө колдонулат.

Гамбиянын өкмөтү октябрда бөйрөк жетишсиздигинен 70 бала каза болгонун жарыялаган. Өлкө бийлиги бул өлүмдөрдү балдардын уулуу кошулмалар бар индиялык жөтөл сиропторун ичкени менен байланыштырган. Кийинчерээк Индонезия дагы 141 баланын өлүмүнүн ыктымал себеби курамында этиленгликоль жана ди-этиленгликоль бар дарыларга байланыштырган. Чарчап калгандардын көбү беш жашка чейинки бөбөктөр болгон.