Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

Ага мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийликтин башчылары видео-конференция форматында катышты.

Мамлекет башчысы өлкөнүн 2022-жылдагы өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыгы боюнча баяндама жасап, аткаруу бийлигинин негизги максатын – экономикалык өсүштү жогорулатууну атады.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, Президенттин Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков баяндама жасашты.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана экономикалык жетишкендиктери талкууланды.

Андан соң «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамы үчүн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү сыйланышты, аларга Мамлекет башчысынын колунан 500 миң сомдон 1,5 млн сомго чейинки сертификаттар тапшырылды.

Аягында Президент Садыр Жапаров жыйындын жыйынтыгын чыгарып, мамлекеттик органдардын ишинин жакшы жана начар жактарын белгилеп өттү.