Белгилей кетсек, Cузак районунун Ырыс айыл аймагындагы Жар-Кыштак айылында  ушул жылдын  10-декабрында  чуулгандуу окуя орун алган. Тагыраагы, аталган айылга башка жактан бир топ  балдар барышып, айылдын балдарын катуу ур-токмокко алышып, сабашып бычактап кетишкен. Бирок бул окуя боюнча жергиликтүү  тургундар чара көрүүнү суранышып  кайрылышканына карабай, райондук, облустук прокуратура эч кандай чараларды көрбөй коюшкан. Айласы кеткен жабырлануучулар  үмүттөрү үзүлгөндө 20-декабрда УКМКга  кайрылышкан. Атайын кызматтын өкүлдөрү  дароо реакция кылып, окуяны териштирип, кылмышка катышкандарды кармап, камап, райондук милиция эч кандай иш кылбаганын аныктаган.  Ошону менен бирге териштирүүнүн жүрүшүндө  райондук, облустук прокуратура  да элдин  кайрылуусуна кайдыгер мамиле жасашып, такыр иш алып барышпагандыгы  аныкталып олтурат. Ушул окуядан улам УКМК прокуратура органдарына кайрылуу жасап, жарандардын арыздарына  реакция жасап, мыйзам чегинде тийешелүү иштерди жасоолору керектигин эскерткен болчу.

Башкы прокуратура УКМКнын бул кайрылуусуна жообун берди. Алар өз жообунда УКМКнын кайрылуусу чындыкка дал келбестигин, субьективдүү мүнөзгө ээ экенин айтып, маалымат кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө прокуратура органдарынын реалдуу ишин чагылдырбай турганын билдирди. Бирок ошол эле мезгилде Сузак, Кочкор райондорунда орун алган кылмыштарды, андагы прокуратура системасынын аракетсиздигин, мыйзам чегинде иштерди жүргүзбөгөндүктөрү факт болуп атпайбы. Райондук, облустук прокуратура өз учурунда иштерди алып барса, жабырлануучулар УКМКга чейин кайрылышпайт эле го. Прокуратура системасынын жетекчилери УКМКнын кайрылуусуна каяша кайтарып, өздөрүн актагандын ордуна мыйзамдуулукту камсыз кылышса болмок.

Сузак районундагы окуя боюнча УКМКга кайрылганыбызда,  прокуратура ката кетирип, шалаакылык кылса, жарандардын өтүнүчтөрүнө жооп бербесе, УКМК эч нерсе болбогондой унчукпай отура албастыгын билдирди.  Ошол себептен  прокуратура тарабынан жарандардын укуктары бузулганын маалымдап, УКМК тарабынан  өлкө президентине сунуш киргизилгени маалым болду. Эми Президент бул боюнча өз чечимин кабыл алышы керек. Президенттин чечимине ылайык, күнөөлүүлөргө,  өз иштерин  аткарбаган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине  чаралар көрүлөбү?