Футбол боюнча Кыргыстандын жаштар курама командасы биринчи жолу Азия кубогунун финалдык оюндарына катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюндар 2023-жылдын 3, 6 жана 9-март күндөрү Ташкентте өтүп, анда Сауд Аравия, Япония, Кытай жана Кыргызстандын командалары беттешет.

“Күйөрмандар үчүн Ташкентке тур уюштурула турганын кубануу менен кабарлайбыз”, — деп айтылат маалыматта.