Ош шаарындагы №30 “Айданек” инклюзивдик багыттагы бала бакчанын тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектер тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чаранын алкагында Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова мэр Бакытбек Жетигеновдун атынан балдарды жана мекеменин жамаатын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, ден соолук, ийгилик каалады.

Ошондой эле мекеменин кызматкерлеринин билим берүү процессине кошкон салымы жана инклюзивдик балдарга камкордугу белгиленди.