Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде өлкөдөгү тил маселеси, өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга тапшырылган мамлекеттик сыйлыктарга байланыштуу суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!

— Саламатчылык.

— Кечээ Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында кээ бир мамлекеттик органдарда иш кагаздар кыргыз тилинде жүрбөй жатканын баса белгилеп сынга алдыңыз. Муну айрымдар мамлекеттик органдарда документ жүргүзүүдө орус тили колдонулбайт деп башкача чечмелеп киришти. Ушул маселени ачыктап кетсеңиз.

— Туура эмес чечмелеп жатышат, айрымдар айтылган сөздү жакшылап аңдап-түшүнбөй эле ар кандай кептерди айтып киришти. Тескерисинче, өлкө боюнча орус тилин өнүктүрүүгө кадам таштадык. Келе жаткан жылы өлкө боюнча 9 орус мектеби курулат, Россия тарап куруп бермей болду.

Мен Өкмөт жыйынында эмне үчүн мамлекеттик органдар кыргызча иш кагаздарын жүргүзгүлө дедим. Билесиздер, бизде Союз тарагандан бери дасыккан орус тилчи мугалимдер, айрыкча, аймактарда бир топ эле азайып кеткен. Ошол үчүн кадрлар орус тилинен ката кетирген учурлар кездеше баштаганы байкалууда. Бир барак документте толтура ката.

Андан көрө сабаттуу кылып кыргызча эле жазгыла дагы, орусчасын артына тиркеп койгула деген ойду айттым. Айрым учурларда негизги документ кыргызча, тиркемелер орусча келет. Минтип башаламан кылбай кыргыз тилинде башкы документ, тиркемелери орус тилинде кылып, бир беткей тартипте салынышы керек. Ансыз деле кыргызча жазылган иш кагаздары орус тилине которулуп тиркелет. Ошондой эле бизде орус тили Баш мыйзамга расмий тил деп киргизилгенин жакшы билесиздер.

Ошону менен катар дагы бир жагдайды айта кетейин. Биз тиешелүү чараларды көрүп, мигранттарыбызды Мекенинде иш менен камсыз кылып бергенге аракет кылып жатабыз. Бирок бүгүнкү күндүн чындыгы ушундай, биздин сыртта жүргөн жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү Россияда. Андыктан, Россияда эмгектенип жаткан жарандарыбыз орус тилин жакшы билгендей болушу керек.

Тилди сапаттуу деңгээлде билүүсү иш учурунда абдан эле пайдасы тиет. Ошол үчүн былтыр биринчи иш сапарым менен Москвага барганда Владимир Владимировичтен суранып, 9 орус мектебин салып берүү боюнча макулдугун алганмын. Кудай буюрса, келе жаткан жылы бардык региондорго салына баштайт. Мектептер иштеп, региондордо орус тилинен кайрадан жеткиликтүү сабак бериле баштаса, 5-10 жылда кайра орус тили өнүгөт. Негизи КМШ өлкөлөрүндө, ЕАЭБдин ичинде орус тилсиз иш жүргүзө албайсың. Андан тышкары, орус тили БУУда колдонулган тилдердин бири.

Мындан сырткары, мектептерде англис тилин дагы мыктылап окутканга аракет көрүп жатабыз. Бирок каражат жагынан маселе жаралчудай. Себеби 3 миңге жакын мектептерге англис тилинен берген дасыккан мугалимдерди алышыбыз керек. Аларга эмгек акы төлөп беришибиз керек дегендей. Бул маселени күнгөй-тескейин караштырып жатабыз.

Кыскасын айтканда, «жумурткадан кыр издегендей» менин сөзүмдөн дагы саясат издештин кереги жок. Тескерисинче, окуучуларыбыз бир эле орус тилин эмес, бир нече башка тилдерди дагы жакшы өздөштүрүп кетсе кандай сонун болот эле. Канчалык көп тил билсе, дүйнөнү ошончолук эркин кыдырышат, билим алышат. Жаштардын дүйнө таанымы кеңейет дегендей.

— Сиз мурда фейсбуктагы баракчаңызга: «Бийлик качаарда сыйлыктарды берип баштачу эле»,- деп жазганыңыз эсибизде. Бул ирет дагы көптөгөн жарандарыбыз мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Буга кандай комментарий бересиз?

— Ооба, 2015-жылдары жазсам керек эле. Ал кезде сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей эле, “дежурларга” көп берилген убак болчу. Ким бийликти мактап-жактап, коргоп турса, ошолорго же бийликтин жакындарына берилчү. Ошону айткам.

Татыктуу адамдар тааныш-билиш менен алышчу же сатып алышчу. Бул акчаны өмүр бою эмгек акыга иштеген, башка бизнеси жок карапайым мугалим, карапайым дарыгерлер кайдан тапмак эле.

Эми мындан ары мамлекетке эмгеги сиңгендер гана алат. Администрациядан кимде-ким мурдагыдай коррупциялык жол менен сатып же тааныш-билиштик кылып бере баштаган болсо, анын орду түрмө болот.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич. Иштериңизге ийгилик!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Булак: Кабар.кж