Америкалык программалардын бүтүрүүчүлөрү 2022-жылдагы Чакан гранттар программасы аркылуу 5 миң долларга чейин каржылоо ала алышат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага төмөнкү темаларда сунуштамалар кабыл алынат:

  • Инклюзивдүүлүк: адам укуктарын алдыга жылдыруу жана/же майыптыгы бар адамдар менен аз камсыздалган коомчулуктарда жашагандарга билим берүү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган долбоорлор.
  • Туруктуу өнүгүү: экологиялык аң-сезимди өстүрүүчү жана/же таза энергетикалык чечимдерди иштеп чыгууга жардам берген долбоорлор.

Акыркы мөөнөт: 2023-жылдын 9-январы, саат 17:00гө чейин. Бул шилтеме аркылуу кошумча маалымат алууга болот.