«Манас» эл аралык аэропорту» ААК кечээ, 29-декабрда 5-миллионунчу жүргүнчүнү тейледи жана ага 100 миң сом берилди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-миллионунчу жүргүнчү аэропорттун маалымат базасында катталып, Иркутск шаарынан «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын каттамы менен келген жаран болду.

Бул маанилүү жетишкендикти белгилөө үчүн «Манас 2» аэробекеттик комплексинде салтанаттуу иш-чара өттү. 5-миллионунчу жүргүнчүнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, аэропорт башкармалыгынын башкы директору Манасбек Самидинов, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын өкүлдөрү катышты.

Жүргүнчүлөр үчүн күтүүсүз болгон иш-чаранын алкагында ийгилик Абай кызы Наркизага жылмайып, ал 5-миллионунчу жүргүнчү аталды.

Манасбек Самидинов аталган жүргүнчүгө аэропорттун корпоративдик белектерин жана 100 миң сомдук сертификат тапшырды.

Абай кызы Наркизага «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын жана «МЭА» ААКнын туунду ишканаларынын өкүлдөрү да баалуу белектерин тапшырышты. «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын коммерциялык директору Мээрим Садыкова 5-миллионунчу жүргүнчүгө 2 акысыз билет тапшырды.

«Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКсы юбилейлик жүргүнчүгө «Манас» аэропортунун VIP-залында акысыз тейленүү мүмкүнчүлүгүн белек катары тартуулады.