Ишембиде күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облусунун көпчүлүк, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын жергесинин айрым аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +1…+6, Талас менен Ысык-Көлдө 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2…+7, ал эми Нарында -5…-10 градус болору айтылды.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында, Ошто күндүз кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +1…+3 жана Ош шаарында +4…+6 градус болот.