Топ болуп ырдоо инсульт менен ооругандардын сүйлөө жөндөмүн калыбына келтирүүгө жардам берерин Science Daily басылмасы жазды.

Инсульт менен ооруган адамдардын 40 пайызга жакыны афазиядан жабыркайт. Бул — оозеки же жазуу тилин түшүнүү же сүйлөө кыйынчылыгы жана мээдеги кан айлануунун бузулушу. Афазия инсульттан кийин адамдардын жашоо сапатына кеңири таасир этет жана оңой эле социалдык обочолонууга алып келет.

Окумуштуулар бул ыкма инсульттун өнөкөт фазасында да коммуникация көндүмдөрүн жана сүйлөө жөндөмүн жакшыртарын, ошондой эле бейтаптарды карагандардын психологиялык абалын жеңилдетерин аныкташкан.

Изилдөөдө хор, мелодиялык интонация терапиясы жана планшеттин жардамы менен ырдоону үйрөтүү сыяктуу ырдоо элементтери кеңири колдонулган.

Реабилитациялык сеанстарды даярдалган музыкалык терапевт жана хор дирижеру өткөрүшкөн. Окумуштуулар бардык ыкмалардын майнаптуулугун белгилеп, реабилитациялык программага топтук ырдоо терапиясын киргизүү керектигин айтышкан.