Бишкек шаарында юниорлор жана улуу курактагылар арасында жеңил атлетика боюнча республикалык ачык чемпионат өтөт. Маалыматты спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдирди.
Ага ылайык, иш-чара 5-6-январь күндөрү имарат ичинде өткөрүлөт.
«Беттештер Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болот», — деп айтылат маалыматта.
Чемпионатта спортчулар аралыкка секирүү, бийикке секирүү, чуркоо жана ядро түртүү боюнча күч сынашат.