Азамат Болгонбаев Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору жетекчи болот деген маалымат жалган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиршти.

«Урматтуу социалдык тармактын колдонуучулары! Учурда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмоновдун кызмат ордуна Азамат Болгонбаев бара жатыптыр деген маалымат чындыкка дал келбейт. Азамат Болгонбаев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору болуп эле иштеп жатат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Маданият министрлиги коомчулуктан жалган жана такталбаган маалыматтарды жазып, аны таратпоого чакырат.