Баткенде минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташыгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-январда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө Чек ара кызматы менен биргеликте түнкү убакта Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын аймагынан Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Хожа-Ало чек ара айылына мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди ташып келүү аракети токтотулду.

Кыргыз Республикасынын 1994-жылы туулган К.М.Д. жана 1994-жылы туулган А.У.М. аттуу жарандары мамлекеттик номери S 9432 S «Ауди 100» маркасындагы автомашинаны пайдаланып, Тажикстандын аймагына контрабанда каналын түзүүгө аракет кылып, жакынкы чек ара аймагы аркылуу аз сандагы жүктөрдү ташууну көздөшкөн.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн КР жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилди. Автоунаа жана 7 кап селитра көлөмүндөгү жүк токтотулуп, жоопту сактоочу жайга коюлган.

Бул факты боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.