Жаңы жыл майрамына карата өлкө аймагында «Бахус» аталышындагы рейд жүргүзүлүп, 2022-жылдын 20-декабрынан 2023-жылдын 1-январына чейин 647 мас абалында унаа башкарган айдоочулар аныкталганын. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ошондой эле тиешелүү документтери жок унаа айдаган 474, унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылаткан 74, автобейбаштык кылган 6 айдоочу аныкталып, баарына мыйзам чегинде чара көрүлдү.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызматын улантып, 8-январга чейин «Рулда» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрөт.