Сасык тумоо вирусу 2024-жылы пандемиялык формага өтүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу иммунолог Николай Крючковго таянып РИА Новости жазды.
«Сасык тумоонун пандемиясы кийинки жылы күздө болуп, бир сезон оору менен алышып калышыбыз мүмкүн. 2009-2010-жылдардан да катуу кайталанышы ыктымал. Мындай тобокелдик бар», — деди адис.
Крючков грипп пандемиялык формага өткөнү менен коронавирустан жеңил болот деп ишенет.
«Жаңы коронавирустук инфекция сасык тумоого караганда баары бир кооптуу болот. COVID инфекциясынын сезондук формасында эле өлүм көрсөткүчтөрү жогору. Ал эми экинчи орунда сасык тумоо турат. Андан кийин башка респиратордук вирустар менен инфекциялардын кесепетин айтсак болот», — деди медик.
Ал коронавирус инфекциясынын шарттуу сезондук түрү күздө пайда болушу мүмкүн экенин айтты.