Бишкектеги “Молодежный” сейил багынын аймагында кышкы сезонго карата жаңы эс алуу жайы уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми шаардыктар сейил бакта жөн гана сейилдестен, коньки, чана тээп, үй-бүлөлүк эс алуусун да өткөрө алат.

“Өзүнүздүн чанаңыз менен келсеңиз болот, ошондой эле чананы жана конькини ижарага алууга мүмкүн. Коньки ижарасы 200 сом, чананыкы 100 сом”, — деп айтылат маалыматта.