Узаган жылы Бажы кызматы 74 миллиард сом чогултуп, планды 104,1 пайызга (332,5 миң сомго көп) аткарды. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бул сумма 2021-жылдын январь-декабрына караганда 27,1 миллиард сомго көп экени белгиленди. Ал эми 2017-жылга салыштырмалуу 39,7 миллиард сомго көбүрөөк жыйналган.
“2022-жылдагы бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн мындай көрсөткүчү биринчи жолу байкалууда. Ал бүтүндөй Бажы кызматынын ишинин сапатынын олуттуу жакшырганынан кабар берет”, — деп айткан Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков.