Гастроэнтеролог жана диетолог Нурия Дианова балды ооруларды дарылоонун негизги ыкмасы катары колдонбош керектигин айтты. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазган.
«Балдын курамында ар кандай микроэлементтер, витаминдер, биологиялык активдүү заттар бар. Бирок алардын саны аябай эле аз, ошондуктан бал чындап эле оорудан айыктырат деп айтуу таптакыр туура эмес», — деген Дианова.
Ал ошондой эле балдын курамында канттын көп экендигин эскерткен.
«Канттан баш тартууда балды колдонууга уруксат берилген, бирок ал дагы калориялуу. Эң маанилүүсү, балды туура пайдаланыш керек. Анткени андагы айрым микроэлементтер адамдын күнүмдүк нормасынан ашып кетиши ыктымал», — деп кошумчалаган диетолог.